Түркияда төңкөрүш аракети басылганынын бир жылдыгы белгиленип жатат

Түркия төңкөрүш аракетинин басылганынын бир жылдыгын белгилеп жатат. Президент Режеп Тайып Эрдогандын катышуусунда Стамбул жана Анкара шаарларында миңдеген адамдар жөө жүрүшкө чыкты. Жүрүш Стамбул шаарындагы Босфор көпүрөсүнө салынган эстеликти ачуу менен жыйынтыкталат.

Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн бозгундагы диниятчы Фетхулла Гүленди күнөөлөп, АКШдан анын кайтаруусун талап кылган. Бирок АКШ Гүленге каршы доолордогу жүйөөнү жетишсиз санагандыктан, бул талапты аткарган жок. Гүлен да өзүнө коюлган доолорду негизсиз деп четке кагып келет.

Түркиядагы төңкөрүш аракети маалында жалпысынан 246 киши каза тапкан. Алардын 62си полиция кызматкери, 5 аскер кызматкери, 179 жөнөкөй жарандар болгон.

2016-жылдын 15-июлдагы бул окуянын тергөөсү боюнча 169 миңге жакын жаран суракка алынып, 50 миңден ашыгы камалган.

Түркияда өзгөчө кырдаал жарыяланганына 21-июлда бир жыл болот. (ElB)