AI: украин блогери жикчилдерде барымтада экени билинди

Станислав Асеев

"Эл аралык мунапыс" укук коргоо уюму дайыны чыкпай жаткан украиналык блогер Станислав Асеев орусиячыл жикчилдердин туткунунда экенин билдирди. Уюм мындай кабарды 8-июлда Донецк облусундагы булагынан алганын белгилейт.

Бирок Донецктин айрым аймактарын көзөмөлдөгөн жикчилдер Асеев тууралуу айтылгандарды бир нече жолу жокко чыгарышкан.

Ага карабастан укук коргоочулар ой-пикирлери туура келбеген адамдарды барымтага алуу жикчилдер үчүн кадимки көрүнүш дешет. Алар ошондой эле блогер кыйноо жана башка зомбулукка тушугуу коркунучунда деп, аны батыраак кое берүүгө чакырышат.

Асеев быйыл 2-июнда дайынсыз жоголгон. Ал "Азаттыктын" украин кызматы менен да иштешип жүрчү.

Мурдараак "Эркин Европа/Азаттык Үналгысынын" башкы редактору Ненад Пейдж да эгер Асеев чынында кармалып турган болсо ал "терең чочулоо жаратат жана мыйзамсыздык" деп, тезинен бошотууга чакырган.