Түрк элчиси экс-муфтийдин Гүлен менен жолукканына тынчсызданды

Түркия мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун бозгундагы түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлен менен жолугушуусуна тынчсызданат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.

Элчинин айтымында, Чубак ажы былтыр 15-июлдагы Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен соң Гүлен менен жолуккан алгачкы диний ишмер болду.

Буга чейин АКШга барган Чубак ажы Фетхуллах Гүлен менен жолукканы белгилүү болгон. Муну мурдагы муфтий да ырастап, диний аалымдын дарстарына катышканын билдирген эле.

Түрк бийлиги былтыр 15-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине учурда АКШда ыктыярдуу бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин жолдоочуларын айыптаган.

Түрк бийлиги аскерий төңкөрүш аракети үчүн айыпталган Фетхуллах Гүленди жалпы жонунан 2000 жылга абакка кесүүнү сунуштаган. Бирок АКШ аны Түркияга өткөрүп берген эмес.(BkA)