Дээрлик 90 үй жапа чеккен селде бир үй толугу менен кулап калган. 12 үйдүн жер төлөсүнө, дагы 77 үйдүн чарбагы менен короосуна сел каптаган. Ички чарбалык жолдорду таш менен шагылга толтурган.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаевдин "Азаттык" үналгысына билдиргени боюнча, кырсыктан үч ири жана 12 чакан көпүрө бузулган:
- Бактыга жараша жабыркаган адамдар болгон жок. Калыбына келтирүү иштерине 15 атайын техника тартылган. Айрым жерлерде электр энергиясы бериле элек, анткени жогорку чыңалуудагы электр линиялары тартылган карагайлар да кулаган. Акырындык менен берилип жатат. Азыр башкысы жолдорду тазалап алышыбыз керек.
Ал эми эл аралык Кызыл чырым коому кырсыктан жапа чеккендерге гуманитардык жардам таратканын кабарлады. Ага ылайык, селден жабыркаган 21 үй-бүлөгө идиш-аяк, төшөнчү-жууркан, гигиеналык каражаттар берилди.
11-12-июль күндөрү райондун Орозбеков айыл өкмөтүндө катуу сел жүрүп, бир турак жай толугу менен жараксыз абалга кептелген.(ZKo)