Жол оңдоо иштери тынымсыз жааган жаанга байланыштуу токтотулган. Транспорт жана жол министрлигинин маалыматы боюнча, аба ырайы турукташары менен жол оңдоо иштери улантылат.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош жолунун 132-138-чакырымдарында 15140 чарчы метрге калыңдыгы 7 сантиметр асфальт төшөлдү. Ал эми 138-142-чакырымдарда жолдун оюлган жерлерин сыйрып алуу иштери жүрүп жатат. Министрлик буга чейин Төө-Ашуунун эки тарабында тең жалпысынан 138 чакырым жол оңдолгонун, дагы 22 чакырым жолду оңдоо иши жүрүп жатканын маалымдайт.
Бишкек-Ош жолунун Суусамырдагы, Төө-Ашуунун эки тарабы бузула баштаганына бир нече жыл болду. Бир катар эл аралык каржылык уюмдардан алынган насыяга оңдолгон жолдун пайдаланууга берилгенине 15 жылдан ашты. (ZKo)