Оппозициялык партиянын лидери айыл өкмөт башчылыгына шайланды

Руслан Бекназаров

Оппозициялык "Бириккен элдик кыймыл" (БЭК) партиясынын төрагасы Руслан Бекназаров Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды.

Руслан Азимбекович Бекназаров айыл өкмөт башчысын шайлоо өнөктүгүнө жалгыз талапкер болуп катышкан. Анын талапкерлигин айылдык кеңештеги "Элдик демилге" тобу көрсөткөн. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 16 добуш менен шайланган Бекназаровду айыл өкмөт башчылыгына шайланды деп таанып, шайлоо жыйынтыгын бекитип берген. Бул тууралуу Руслан Бекназаров "Азаттыкка" билдирди. Ал ишине 15-июлдан тарта киришмекчи.

Кара-Суу айылдык кеңешинин 21 депутаты бар. 16 депутат "Элдик демилге" тобунун мүчөлөрү. Беш депутат КСДП жана "Кыргызстан" партияларынын мүчөлөрү.

Он төрт оппозициялык саясий кыймылдын жана партиялардын башын бириктирген Бириккен элдик кыймыл Кыргызстанда мурдагы президент К.Бакиевдин тушундагы үй-бүлөлүк авторитардык башкаруу системасына каршы күрөшүү максатында 2008-жылы 24-декабрда түзүлгөн. Кыймылдын катарынан бир нече кыймылдар жана партиялар чыгып кетип, 2010-жылы июлда "Бириккен элдик кыймыл" саясий партиясы түзүлгөн. (ZKo)