Самудинов: мен КСДПнын жаштар канатынын лидеримин

Ренат Самудинов

КСДП партиясынын мүчөсү Ренат Самудинов 2007-жылы партиянын жаштар канатынын лидери болуп расмий шайланган. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу видеокайрылууда айтты.

- Мен 2004-жылдан бери КСДП партиясынын катарындамын. 2007-жылы “Саякат” мейманканасында өткөн жыйында КСДПнын жаштар канатынын лидери болуп шайлангам. 2012-жылы жаштар канатынын лидери катары Бишкек шаардык кеңешине жана 2015-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо партиянын тизмесинде болгом.

Самудинов ошондой эле партиянын катчылыгына кайрылып, анын өздүгүнө эмес, сунуштап жаткан демилгеге маани берүүсүн өтүндү. Ал бүгүнкү сунушталган праймериз аркылуу бирдиктүү талапкер тандоо менен парламентаризмди өнүктүрүү жана партияны бөлүнүүдөн сактап калууга болорун кошумчалады.

Бүгүн Социал-демократтардын катчылыгы Ренат Самудиновду КСДП партиясынын жаштар канатынын лидери эместигин, партияда жаштар канаты сыяктуу бөлүктү түзүү чечими расмий түрдө кабыл алынган эмес, - деген билдирүү тараткан. (SDz)