Президент Шавкат Мирзияев кол койгон жаңы жардыкка ылайык, Өзбекстанда жарандардын чет өлкөгө чыгуусу үчүн жаңы тышкы паспорт киргизилүүсү мүмкүн.
Мамлекеттик медиа 13-июлда кабарлагандай, жардыкта өзбек өкмөтүнө бир ай ичинде жаңы тышкы паспортту киргизүү боюнча план даярдоого тапшырма берилди.
Бул өзбек жарандары үчүн өлкөдөн чыгуу визасын таптакыр жойууга багытталган кадам катары каралууда.
Совет доорунан мураска калган чыгуу визасы чет өлкөгө барууну көздөгөн өзбекстандыктар үчүн башкы тоскоолдуктардын бири.
Бул ошондой эле чыгуу визасын берүү менен алектенген расмийлер үчүн мыйзамсыз кирешенин да булагы болуп келгени жоромолдонот.
Чыгуу визасынын жоюлушуна байланышкан маселелер 8-июлда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана башка расмий жетекчилер катышкан жыйында да талкууланган болчу.
Коңшу Кыргызстанда чыгуу визасы 1990-жылдары эле жоюлган. (UE)