Пентагондун башчысы мектеп окуучусуна маек берди

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис.

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис мектептин жогорку классынын окуучусуна маек курду. 16 жаштагы Тедди Фишер мектеп гезитине жарыяланган фотосүрөткө кокусунан түшүп калган Пентагондун башчысынын жеке номерин байкап калып, ал номерге маек берүүсүн өтүнүп смс билдирүү жиберген. Мэттис ага кайра чалып, 45 мүнөт сүйлөшүшкөн. Июнда Фишер алган маегин интернетке жайгаштырган. Бул окуя тууралуу 10-июлда The New York Post басылмасы жазды.

Окуучу менен сүйлөшүп жатып, Мэттис АКШнын дүйнөлүк лидерлиги Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки туруктуулукту камсыздаганын айтты. Ал террористтик идеология менен күрөшүү жолдору тууралуу айтып жатып, министр АКШда чет өлкөлүк окуучулардын билим алуусуна шарт түзүш керектигин белгилеген. Байкоочулар Мэттистин бул сөздөрү президент Дональд Трамптын иммиграцияны чектөө курсуна каршы келерин белгилешүүдө.