Таш-Көмүр шаардык кеңешинде калаа мэрин шайлоодо талаш чыкты. Өткөн жумада белгиленген шаар башчысын шайлоого коалициялык көпчүлүктүн депутаттары келбей, өтпөй калды.
Көпчүлүк коалициядагы “Ата-Журт”, “Республика” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары биригип талапкер көрсөткөн. Азчылыктагы “Өнүгүү Прогресс”, “Таш-Көмүр жаштары” жана КСДП биригип экинчи талапкерди алып чыккан.
Экинчи ирет мэрди шайлоо 21-июлга белгиленди. Эгерде шайлоо өтпөй калса шаардык кеңеш экинчи жолу мөөнөтүнөн мурда таратылат.
Быйыл шаардык кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаттары да мэр шайлоодо бириге албай, апрель айында мөөнөтүнөн мурда тараган. (RsK)