Талас: депутат айыл өкмөт башчысын жемкорлукка айыптоодо

Таластын Кара-Буура районунун Аманбаев айылдык кеңешинин депутаты коррупциялык схемаларды аныктаса да укук коргоо органдары анын арызын канааттандырбай жатканын айтып, “Азаттыкка” кайрылды. Жергиликтүү кеңештин депутаты Тилек Өскөнбаев Аманбаев айылынын айыл өкмөт башчысы менен жер адиси убактылуу пайдаланууга бериле турган жерлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганын айтууда:

- Кайра бөлүштүрүү жерлерин ижарага берүү, конкурс өткөрүү учурунда айыл өкмөт менен жер адиси өзүм билемдик кылып, баарын бурмалап, бюджетке түшө турган акчаны жок кылып жиберген. Тагыраагы, дыйкандар менен түзүлгө келишимдин 172си жасалма болуп чыккан, мындан тышкары 16 ижарачы жеринин пайдалануу мөөнөтү бүтсө деле колдонуп жүрө беришкен. Бирок менде кылмыш ишин козгой турган мындан да башка жетиштүү дадилдер бар болчу.

Өскөнбаев бул боюнча тиешелүү органдардын баарына кайрылганын, бирок эч кандай чара көрүлбөй жатканын кошмумчалады.

Анткен менен Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Мээрбек Орозбаев депутаттын дооматтарын четке кагып, жерлер мыйзам чегинде бөлүштүрүлгөн деп ишендирүүдө. Ал эми облустук прокуратуранын жетекчи орун басары Сүйүнбек Сатыбалдиев бул маселе жакынкы күндөрү териштирилерин билдирди.(AlS)