Акындын армандуу тагдыры

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Жан дүйнө” түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы акын Алмаш Чойбекованын тагдырына жана чыгармачылыгына арналды. Өмүрүнүн соңку күндөрүн карылар үйүндө өткөргөн азиз акын жетимиш жашында көз жумду. Чойбекова чыгармачылыкка өткөн кылымдын 80-жылдары кыздар поэзиясынын келечектүү өкүлү катары аралашкан.