Өзбекстандыктар этти граммдап сатып ала башташты

Акыркы айларда Өзбекстанда эт 20 пайызга кымбаттады. Бүгүнкү күндө өлкө базарларында уй этинин килограммы 28 миң сумдан (7 доллардан ашык), кой эти 33-38 миң сумдан сатылууда. Жергиликтүүлөрдүн айтымдарында, Ташкентте эттин баасы өткөн айдан тарта жогорулай баштаган.

Соодагерлер эттин кымбатташына тоют баасынын жогорулашы да себеп болуп жатканын айтышууда. «Быйыл чөп тартыштыгы байкалууда. Эгер түштүк аймактардан бодо мал алып келүүнү кыскартышса, анда эт мындан да кымбатташы мүмкүн», - деди соодагерлердин бири.

Айрым маалыматтарга караганда, эттин кымбатташына улуттук валютанын долларга карата кунун жоготкону да таасир этүүдө. «Азыр көмүскө базарда 1 америкалык доллар 8,5 миң сум турат. Эгер доллар көтөрүлсө эттин баасы да жогорулайт. Этти Казакстан менен Кыргызстандан алып келгенде биздин валюта менен алар өтө кымбат болот», – деди анжияндык ишкер.

Мурдараак жергиликтүү бийлик эттин баасын турукташтыруу аракетин көргөн. Анда борбордогу жана өлкө аймактарындагы базарларда арзаныраак баада эт саткан күркөлөр ачылган.