АКШ мамкатчысы Тиллерсон Украинага келди

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон расмий сапар менен Украинанын борбору Киевге келди. Бул анын Киевге алгачкы сапары.

Тиллерсон украин президенти Петро Порошенко менен жолушуп жатып “Украина узак жолду басып өттү. Биз Украинанын кең келечегин камсыздап, инвестор жана европалык коңшулары үчүн ыңгайлуу кылуу үчүн абдан көп нерсе жасашыбыз керек”,-деди.

Мамлекеттик департаменттин маалыматы боюнча Тиллерсон Украинанын жетекчилеринен башка жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушат.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Украинага сапары ишембиде Гамбургда жыйынтыкталган “Чоң жыйырманын” саммитинен соң өтүп жатат. Ал саммиттин жүрүшүндө АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин биринчи жолу жолугушкан. Анда Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу маселеси козголгону белгилүү болгон.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Хизер Нойерт Тиллерсондун бул жолку сапары Вашингтондун “Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин” коргоо үчүн колдоо катары саналарын айтып, Киевди саясий, экономикалык жана аскерий реформасын улантууга чакырган.