Блогер Антон Носик каза болду

Жекшембиге караган түнү Москвада белгилүү медиаменеджер жана блогер Антон Носик дүйнө салды. Бул тууралуу Твиттердеги баракчасына “Ведомости” басылмасынын ээси Демьян Кудрявцев кабарлады. Алдын ала маалыматтар боюнча, 51 жаштагы Носиктин жүрөгү токтоп калган.

Антон Носик Орусиядагы Lenta.ru, Gazeta.ru жана NEWSru.com сыяктуу маалыматтык порталдарды негиздөөгө катышкан. 2009-жылы ал “Бириккен медиа” компаниясынын башкы директорунун орун басары, 2012-жылга чейин LiveJournal сервисине ээлик кылган SUP Media компаниясынын медиадиректору болуп эмгектенген.