Аба ырайы: күндүн ысыгы 40 градустан жогору болот

9-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы метрине 1-6 секундага жетет. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Алай өрөөнүнүн чыгышында жана Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 21...26, күндүз 37...42;

Таласта түнкүсүн 16...21, күндүз 36...41;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 20...25, күндүз 37...42;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32;

Нарында түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20;

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 22…24, күндүзгү жогорку температурасы 39…41 градус болот.