Сузакта көрүстөндү көчүрүү иши жүрүп жатат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сузак районунун Акчалуу айылында бир кылымдан ашуун мезгилден бери маркумдар көмүлүп келген көрүстөндөгү 1200дөн ашуун сөөк башка жакка көчүрүлүп жатат. Буга суу каптап, кум-шагыл менен кошо сөөктөрдү агыза баштаганы себеп болгон. Тынчсызданган элдин суранычы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктөрдү башка жакка көчүрүп көмүүгө аргасыз болууда.