Навальный 25 күндүк жазасын өтөп чыкты

Алексей Навальный

Орусияда Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун жетекчиси, оппозициялык саясатчы Алексей Навальный 25 күндүк административдик жазасын өтөп, бүгүн атайын кармоочу жайдан чыкты.

Навальныйга 12-июнда Москвада уруксатсыз акция уюштурган деген айып тагылган. Бир күн мурда анын шайлоо штабдарында тартип коргоочулар “тергөө амалдарын” жүргүзүп, техника жана үгүт материалдарын алып кеткен. 8-9-июль күндөрү оппозициячынын тарапкерлери бир нече шаарда үгүт пикеттерин пландашууда.

Навальныйдан тышкары 12-июнда 700дөн көп киши кармалган. Укук коргоочулар полиция ашыкча күч колдонгон деп сындаган.