Бишкектиктер "Үч чака" долбооруна үмүткөр

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин Жал кичирайонундагы көп кабаттуу бир нече үйдүн тургундары таштандыларды бөлүп таштоого үйрөнүп калышты. Ага «Инон» аттуу коомдук фонддун АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Үч чака» долбоору жардам берип жатат. Долбоордун өкүлдөрү тургундарга таштандыларды пластик, кагаз, коркунучтуу жана тамак-аштын калдыгы деп төрт түргө өз-өзүнчө бөлүп таштоого үйрөтүп, түрдүү таштандылар салынуучу атайын челектерди да уюштурушкан. Коркунучтуу таштандылардан башка калдыктардын баарын кайра иштетип, дагы бир жолу пайдаланууга болору тууралуу атайын маалыматтар экологиялык мектеп сабактарында берилип жатат.