Эки миңдей кыргыз жараны Орусия абактарында жазасын өтөөдө

Бүгүнкү күндө Орусиянын абактарында кылмыш жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардын саны болжол менен 2 миңдин тегерегинде. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Мырзапаяс Карагулов билдирди:

- Уурулук, тоноо, документтерди алдын ала жалган жасоо, чек араны мыйзамсыз өтүү, зордуктоо жана маңзаттарын мыйзамсыз алып жүрүү деген беренелер боюнча соттолгондор.

Кыргызстандын Миграция кызматынын маалыматына караганда, Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын саны бүгүнкү күндө 600 миңге жетти.

Бул өлкөнүн Миграциялык кызматынын “кара тизмесине” киргендердин саны 2015-жылдын январь айына карата 180 миң адам болсо, былтыр бул сан 106 миң болуп азайган.

Мигранттардын укугун коргоо менен алектенген уюмдардын белгилешинче, жумушсуздуктун айынан сыртка чыгып кеткен кыргызстандыктардын саны расмий статистикадан кыйла көбүрөөк – 1 миллионго чамалаш. (LzT/RK)