Жапаровдун тарапкерлеринин соту уланууда

Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги, 25-май,2017

Садыр Жапаровдун камактагы тарапкерлеринин сотунда алардын бири Айдынбек Шарабидин уулу атасы ден соолугуна байланыштуу оор абалда жаткандыктан үй камагына чыгарууну өтүндү. Ал ушул маалга чейин атасын ооруканада карап келгендиги тууралуу документтер бар экенин, Жапаровдун митингине ал күнү капилеттен дарыга баратып байкоочу катары карап жаткан учурда күч органдары кармап кеткенин айтты:

- Менин атамды ооруканадан мындан ары кароого болбойт деп чыгарып салыптыр. Эртең атам ары ооп кетчүдөй болуп турат. Жамандык болуп кетсе атамдын жанында болгонум жакшы.

Ал ошондой эле кармалган күнү ур-токмокко кабылганын айтты.

Соттолуучунун өтүнүчүн жактоочулар колдоого алды, ал эми прокурорлор каршы экенин билдирди.

Натыйжада сот бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.

Жогорку Кеңешке мурунку чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөр алтын кенине байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапкерлери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын 12 камакка алынган. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар.

Жапаровдун тарапкерлеринин иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. (SdZ)