Аида Салянованын сотунда күбөлөр көрсөтмө берет

Аида Салянова.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянованын сотунда күбөлөр көрсөтмө берет. Бул тууралуу анын адвокаты Улан Жумаков “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү жараянда мурдагы юстиция минстри Жылдыз Мамбеталиева да көрсөтмө бериши керек. Бирок ал сотко келеби же жокпу азырынча белгисиз.

Салянованын акыркы соту 3-июлда болуп, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаты Артем Иванов келген. Убагында Аида Салянова Алексей Елисеевдин лицензиясын узартпай койсо мыйзам бузуу болмоктугун айтып, депутатты актаган көрсөтмө берген.

Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Салянова муну четке кагып келет. Ишти Бишкектин Ленин райондук соту ар аптанын жума күндөрү териштирүүдө. (NT)