Борбор жана Түштүк Азияны бириктирүүчү электр түйүнү - CASA -1000 долбооруна катышып жаткан өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйыны Дүйшөмбүдө эртең өткөнү турат.
Ага катышуу үчүн Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф тажик борборуна бүгүн келди.
Ооган президенти Ашраф Гани жана Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Дүйшөмбүгө эртең барышмакчы.
Тажикстандын борбор калаасында тажик, ооган жана пакистан лидерлеринин үч тараптуу сүйлөшүүсү да өтөт. Тажик тышкы иштер министрлиги билдиргендей, анда көңүл саясий карым-катышка, экономикага, аймактык жана эл аралык коопсуздукка каршы коркунучтар менен биргелешип күрөшүү маселелерине бурулмакчы. (UE)