Атамбаев террорчулукка билимсиздик түртүп жатканын айтты

Президент Алмазбек Атамбаев жаштарды эне тилди, улуттук салттарды жана маданиятты сактоого чакырып, террорчулукка билимсиздик түртөрүн эскертти.

- Акылга салбаган ишенимден корккула. Билим жолу менен гана жүргүлө. Ислам гүлдөп турганда арабдарда алгебра, алгоритм, сандар пайда болгон. Бирок кийинчерээк имамдар талашканга болбойт деп билим тууралуу эстен чыгарып, ошентип артка кетишкен, - деди президент.

Мамлекет башчы ошондой эле диний радикализмге агартуу жана билим аркылуу гана каршы турууга болорун эскертип "Билимсиздиктен улам өздөрүн жардырган террористтер жакшы иш жасап жатабыз деп ойлошот. Ислам боюнча өзүн өзү өлтүргөндөрдү адам катары мүрзөгө көмгөнгө болбойт” деди.

Бүгүн Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда президент Алмазбек Атамбаев жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган мектеп бүтүрүүчүлүрүнө “Алтын сертификат” тапшырды. Мындай артыкчылыкка быйыл 55 улан-кыз татыды.(RK)