Жол боюна патрулдук милиционердин сөлөкөтү коюлду

Патрулдук милиция жол кырсыктарын алдын алуу максатында милиционердин сөлөкөтү тартылган атайын макеттерди колдонуп көрүүнү чечти.

Колуна радар кармап, патрулдук машинанын жанында турган кызматкердин муляжы Бишкек - Ош унаа жолунун 143-чакырымындагы жол боюнда орнотулганын "Азаттыкка" республикалык Патрулдук милициянын маалымат кызматынын инспектору Медер Шабданов билдирди. Анын айтымында, азырынча элдин пикири чогултулуп жатат:

- Азырынча бирди койдук. Жол кырсыктары көбөйбөсүн деп. Ал жерде 60 деген чектен ашпоо тууралуу белги бар. Элдин пикирин көрөбүз. Эгер колдосо, кийинкисин караштырабыз.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табат. Бул күндө үч киши жолдо каза болот дегенди билдирет. Ал эми өлкөдө катталган жол кырсыктарынын ар бир үчүнчүсү ылдамдык сакталбагандыктан келип чыгат. (RK)