Кыргыз киносундагы аялдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жакында эле Кыргызстанда киночу кыз-келиндер тууралуу алгачкы китеп жарык көрдү. Назиктин күчү жана көркөм өнөрдүн катаалдыгы. Аялдар Кыргызстандын киносунда” аттуу китеп-альбомуна кыргыз кыз-келиндеринин кинематографияга кошкон салымы камтылган. Эгер мурда Кыргызстандын кино тармагына айымдар сейрек аралашат деген көз караш күчтүү болсо, акыркы кезде кино жараткан кыздардын саны өсүп, ийгилиги арбып баратканын адистер белгилешет.