Бул тууралуу Казакстандын Улуттук экономика министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 18 миллионунчу наристе 11-майда Алмата облусунун Талды-Коргон шаарында төрөлгөн. Ага Муслима деген ысым ыйгарылган.
Казакстанда акыркы эл каттоо 2009-жылы жүргөн. Анын жыйынтыгы боюнча калктын саны 16 миллиондон ашкан болчу.