Сириянын өкмөтү жана айрым оппозиция өкүлдөрү менен БУУ, Орусия, Иран, Түркия жана Кошмо Штаттарынын дипломаттары Астанада сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасын баштады.
Казак тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановдун билдиришинче, бул ирет Сириядагы "деэскалация аймактарын" түзүү тууралуу меморандумду ишке ашырууга байланышкан жыйынтыктоочу документ кабыл алынышы ыктымал.
Төртүнчү айлампада сириялык оппозиция меморандумга Тегерандын кол коюусуна каршылык иретинде сүйлөшүүдөн чыгып кеткен. Астана сүйлөшүүлөрүндө кепил болуп жаткан Иран менен Орусия Сирия өкмөтүн, ал эми Түркия оппозициясын колдору белгилүү.
4-июлда тараптар кеңешип, сүйлөшүүнүн өзөктүк бөлүгү 5-июлда башталары күтүлүп жатат.