Путин Москвадагы үйлөрдү бузуу жөнүндө мыйзамга кол койду

Москвадагы турак жайлардын бирин бузуу. 20- июнь, 2017-жыл.

Орусия президенти Владимир Путин Москвадагы реновация деп аталган мыйзамга кол койду. Документ Орусиянын укуктук маалыматтар тууралуу расмий порталына жарыяланды.

Шаршембиде аны Федерация кеңеши жактырган, ага чейин 14-июнда Мамлекеттик Думанын депутаттары акыркы окууда кабыл алып берген.

Мыйзамга ылайык, Москва бийлиги шаардын 85 районунда төрт жарым миңден ашуун үйдү бузуп, алардын жашоочуларын жаңы конуштарга көчүрүүгө убада берүүдө.

Буга чейин бул максатты ишке ашырууга үч триллион рубль сарпталары айтылган. Мэриянын аракети көптөгөн москвалыктардын нааразылыгын жаратып, бир нече жолу каршылык акциялары да өткөн.