Бабановго бата берген курултай

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин көрсөттү. Анын талапкерлиги Элдик курултай деп аталган иш-чарада жактырылып, шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү менен катышары белгилүү болду. Бабанов президенттикке шайланса алты жыл ичинде Кыргызстанды эң ылдам өнүккөн он мамлекеттин катарына кошууга убада берди. Бабановдун мындай убадаларына ишенбегендер чыкты.