Владивостокто Навальныйдын тарапкери кармалды

Владивостоктогу жүрүш. 1-июль, 2017-жыл.

Орусиянын Владивосток калаасында 1-июлда шаардын күнүнө арналган жүрүштө оппозициячы Алексей Навальныйдын штабынын координатору, шаардык кеңештин депутаты Юрий Кучинди полиция кармап кетти. Ал акция учурунда "Балык башынан сасыйт" деген жазуу жана президент Владимир Путин менен премьер-министр Дмитрий Медведевдин түспөлүнө окшош сүрөт тартылган плакатты көтөрүп жүргөн.

Шаардын күнүн белгилөө 1-июлда башталды, эртең да уланат. Анткени калаанын түзүлгөн күнү 2-июлда белгиленет. Бүгүн элдик сайрандоо, концерттерден тышкары, мекеме-уюмдардын, жарандык активисттердин жүрүшү уюштурулду.

Алексей Навальныйдын тарапташтары комсомолдор менен бир катарда басышты. Оппозициячынын штабынын координатору Юрий Кучин өзү көтөрүп жүргөн плакатта орус макалы жазылганын, саясий чакырык эместигин, сүрөттө балыктар тартылганын билдирди.

Акцияда түшкө жакын Навальныйдын штабынын үч активисттин полиция кармады. Алардын катарындагы Юрий Кучинге 150 миң рублга чейин айып пул салынышы же бир айга административдик жазага тартылышы мүмкүн. Аны менен кармалган эки адамга мындан жеңилирек жаза берилет деп болжолдонууда.