Улуттук уңгуну аздектеген мургабдыктар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин жогору жагындагы Чуңкурчак эс алуу маданий - этно комлексинде “Кийиз дүйнө көчмөн руху” долбоорунун алкагында кыргыз аялдарынын улуттук кийимдерин тигүү, жасалгалоо боюнча чеберлердин семинары болду. Семинарды “Миң кыял” коомдук фонду уюштуруп, аялдардын эзелтен келаткан кийимдеринин сынын бузбай тигүү жана аны жаштарга таанытуу максатын көздөдү. Ага алыскы Тажикстандын Мургаб районунда жашаган кыргыздардын кийимдеринин тигилишин көрсөтүү жана башка аймактардагы кийимдеринин өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү үчүн аялдардын тобу катышты.