Сириянын демократиялык күчтөрү Ракканы курчоого алды

Ракканын түндүгү

АКШ колдогон Сириянын демократиялык күчтөрү "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун административдик борбору саналган Ракка шаарын курчоого алды. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы кабарлагандай, араб жана күрттөрдөн турган күчтөр согушкерлерге шаардан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген акыркы жолду бууп коюшту.

"Ислам мамлекети" тобу Ракка шаарын 2017-жылдан бери көзөмөлдөйт. Шаарда 4 миң согушкер бар деп жоромолдонуп келет. Апта башында Сириянын демократиялык күчтөрү шаардын жанындагы Ал-Кадисия районундагы согушкерлерди сүрүп чыгарган.

Ал тапта Ирак күчтөрү Мосул шаарындагы тарыхый мечиттин аймагын согушкерлерден бошоткону белгилүү болду.