Раритетке айланган диссертациялык иштер көргөзмөгө коюлду

Иллюстрация

Бүгүн Бишкекте раритетке айланган диссертациялык иштердин көргөзмөсү ачылат. Улуттук китепканада өтө турган бул көргөзмөгө Кыргызстандын белгилүү окумуштууларынын 1993-2000-жылдары жазылган илимий эмгектери коюлат.

Экспозиция коомдук-гуманитардык, медицина-биологиялык, техникалык жана айыл чарба илимдери деген төрт бөлүмдөн турат.

Иш-чара Кыргызстандын Жогорку аттестациядык комиссиясынын 25 жылдыгына карата уюштурулууда. (RK)