Жарандардын кайрылуулары боюнча ишти жакшыртуу сунушталууда

Мамлекеттик органдардын жарандардын кайрылуу, арыз-даттанууларын кароосун жакшыртуу зарыл. Бул маселе бүгүн Бишкекте өтө турган жыйында талкууланарын “Азаттыкка” уюштуруучу уюм – Адам укуктары боюнча кеңештен кабарлашты.

Иш-чара Юстиция министрлиги жана Европа Биримдигинин “ Кыргызстанда укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоору менен бирге өткөрүлүүдө.

Максат – мамлекеттик органдар менен жарандык сектор ортосунда жарандардын кайрылууларын карап чыгуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча конструктивдүү диалог түзүү.

Кыргызстанда дээрлик ар бир өкмөттүк мекемеде жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуу иши жүргүзүлөт. Бирок натыйжа жок болуп жатканына нааразылык көп болорун укук коргоочулар айтып келет. (RK)