"Занозага" каршы сот башталды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин Октябрь райондук сотунда Zanoza.kg сайтынын журналисттерине байланыштуу үч жараян башталды. Башкы прокуратура аталган сайтта жарыяланган макалалар президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко берген. Башкы көзөмөл орган журналисттерден бир нече миллион сом доо талап кылууда. Журналисттер бул ишти саясий куугунтук катары санап жатышат.