Ирак күчтөрү Мосулдагы тарыхый мечиттин аймагын бошотту

Мечиттин жардыруудан кийинки көрүнүшү

Ирак армиясы Мосул шаарындагы тарыхый мечиттин аймагын "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунан бошотконун жарыялады.

Генерал Абдул Вахаб ал-Саади атайын даярдыктагы күчтөр бейшембиде "Ал-Нури" мечитине жана анын жанындагы көчөлөргө өз көзөмөлүн орнотконун айтты.

Жоочулар 800 жылдан ашык убакыт мурда курулган мечитти 21-июнда жардырып жиберишкен. Дал ушул мечитте 2014-жылы "Ислам мамлекети" тобунун лидери өзүн "халиф" деп жарыялаган.

Ирак армиясы АКШ баштаган эл аралык коалициянын жардамы менен октябрь айынан бери Мосулду согушкерлерден бошотуу аракетин көрүп келет.