Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын II сессиясы аяктады. Бүгүн депутаттар жайкы эс алуу алдындагы соңку жыйынын өткөрдү.
Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кыргыз парламенти экинчи сессия жүрүшүндө өтө маанилүү укук ченемдик актыларды кабыл алып, көптөгөн орчундуу маселелерди көтөргөнүн, алардын чечилишине өбөлгө түзгөнүн белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесине ылайык Жогорку Кеӊештин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумуш күнүнөн тарта июнь айынын акыркы жумуш күнүнө чейин жыйындар таризинде жүргүзүлөт. (RK)