Киевдеги сот чыккынчылык боюнча айыпталган мурдагы президент Виктор Януковичтин ишин айыпталуучунун катышуусу жок эле карай турган болду. Бул тууралуу судья Владислав Девятко 29-июндагы соттук угууда билдирип, Янукович сотко бир нече ирет келбегенин жүйө келтирди.
Януковичтин адвокаты Виталий Сердюк мурдагы президент өмүрүнө коркунуч жаралганы үчүн келбей турганын айтты. Кийинки соттук угуу 6-июлда уланмай болду.
26-июндагы алгачкы соттук териштирүүдө прокуратура ишти Януковичтин катышуусуз эле баштай берүүнү өтүнгөн. Бирок судья айыпталуучу экинчи жолу сотко катышпаган шартта гана ишти сыртынан кароо башталарын билдирип, сотту 29-июнга жылдырган эле.
Януковичтин жактоочулары Украина Орусияга видео-байланышты камсыз кылуу өтүнүчүн расмий түрдө жөнөтүшү керек деп эсептейт. Прокуратура болсо расмий өтүнүчкө зарылчылык жок экенин, Янукович интернеттеги каалаган программа аркылуу байланышка чыга аларын билдирип жатат.
2014-жылдагы "Евромайдан" окуяларынан кийин бийликтен кеткен Янукович "чыккынчылык кылды жана өлкөнүн эгемендигине шек келтирди" деп айыпталып келет. Анын жактоочулары бул айыптарды четке кагууда.