Ананьеводогу жарылууда жабыркаган дагы бир жаран каза тапты

Ысык-Көл районунун Ананьево айылында газ куюучу станцияда болгон жарылууда жабыркаган 69 жаштагы адам алган жараатынан жакшы боло албай каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык травматология жана ортопедия улуттук борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков кабарлады. Жараат алган адам 27-июнда кайтыш болгон.

19-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылында газ куюучу станцияда болгон жарылуудан ата-бала набыт кеткен. Оор абалда ооруканага жаткырылган жети адамдын бирөө 22-июнда жан берген. Учурда төрт киши аталган ооруканада жатат, алардын экөө жандандыруучу бөлүмдө.

Жарылуу боюнча кылмыш иши козголгон. Кырсыкты атайын штаб иликтей турганы айтылган. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү бардык газ куюучу бекеттердин техникалык абалын текшерип, тиешелүү талаптарга жооп бербегендерин жабууну буйруган. (КЕ)