Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду “Дастан” заводуна насыя бөлөт

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев «Дастан» трансулуттук корпорациясы» ачык акционердик коомунда болуп, ишкананын ишмердиги менен таанышты. Мамлекет башчы өндүрүш жайларын кыдырып, заводдо чыгарылган атайын продукциялардын, ошондой эле медициналык техниканын жана эл кеңири керектөөчү товарлардын үлгүлөрүн көрүп чыкты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлагандай, “Дастан” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Юрий Васильев технологиялык процессти модернизациялоо боюнча алдыдагы милдеттер туурасында айтып берди. Ошондой эле жүгүртүүдөгү каражаттардын тартыштыгына байланыштуу кыйынчылыктарды белгилеген.

Өз кезегинде Атамбаев “Дастандын” ишмердигинин маанисин, ишкананын чет өлкөлөргө экспорттоп жаткан продукциялардын сейректигин баса белгилеп, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго ишканага өндүрүш процессин модернизациялоого кредиттик каражаттарды бөлүп берүү маселесине көмөктөшүү боюнча тапшырма берди.

“Дастан” трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коому 1956-жылы түзүлгөн. “Дастан” акционердик коому медициналык атайын жабдууларды жана коргоо өнөр жайына керектүү продукция чыгарган Кыргызстандагы ири ишкана. (КЕ)