Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды жарым жылга узартты

Биримдикке кирген 28 мамлекеттин жетекчилери Брюсселдеги эки күндүк жолугушуудан кийин санкцияларды кийинки жылдын 31-январына чейин узартууну макулдашты.

Европалык лидерлер Украинанын чыгышындагы жаңжалды басуу үчүн 2015-жылы жетишилген Минск келишимин аткарууга жетиштүү аракет кылбай жатканын белгилешти.

Буга чейинки киргизилген санкциялардын мөөнөтү 31-июлда аяктайт.
Евробиримдик 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алып, Украинанын чыгышындагы куралдуу топторду колдогону үчүн экономикалык санкцияларды киргизген. Мындай чарага Кошмо Штаттар, Канада жана башка мамлекеттер дагы кошулган.