Бишкектеги “Манас айылы” этнокомплекси оңдолот

Бишкектин жогору жагындагы “Манас айылы” маданий этнокомплексин оңдоп-түзөө үчүн чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, Эркин экономикалык аймактын балансындагы этнокомплексти департаментке өткөрүү иштери жүрүүдө.

- Ал жерди этношаарчага айлантуу боюнча идеяларыбыз бар эле. Анткени Бишкетин тегерегинде биздин маданиятты, кыргыз дөөлөтүн чагылдырган бир дагы жер жок. Ошону ишке ашыруу максатында жергиликтуү ишкерлерден да карап жатабыз. Бирок дүйнөдө этношаарчалар бар, ошолордун ээлерине чыгып сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал жерде ар кандай улуттук-интеллектуалдык оюндар ойноло турган, кыргыздын маданий элементтерин чагылдырган борбор болсо деп ойлогонбуз. Азыр ошонун үстүнөн иштеп жатабыз.

“Манас айылы” комплекси “Манас эпосунун 1000 жылдыгына карата 1995-жылы курулган. Акыркы жолу 2010-жылы ремонттолгон. Учурда андагы курулуштар эскирип, каралбай калган. (КЕ)