Москвада мекендешин зордуктоого шектүү кыргызстандык кармалды

Орусиянын Москва шаарында 28 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши кармалды. Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү билдиргендей, жабыркаган кыз да, шектелген адам да Кыргызстандын жарандары.

Маалыматка караганда, кыз зордуктоого кабылганы тууралуу арыз менен 23-июнда милицияга кайрылган. Арызында ал өзүн үч бала сейил бакта зордуктаганын, аны телефонго видеого тартып, полицияга арыз жазса интернетке жарыяланат деп коркутушканын жазган. Бул кылмышка шектүү делип Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган 33 жаштагы киши камакка алынды. Андан видео табылган эмес.

Орусияда кыргызстандык мигранттар аралашкан кылмыштар маал-маалы менен катталып турат.

Расмий маалыматтарда, учурда сыртта иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 750 миӊдей болсо, анын 616 миӊи Орусияда. Ал эми такталбаган маалыматтарда Орусиядагы кыргызстандык мигранттар миллиондон ашары айтылып жүрөт. (NT/LzT)