Төрөбаев президенттик жарышка кошулду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алдыдагы президенттик жарышка "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан Бакыт Төрөбаев аттана турган болду. Тиешелүү чечим аталган партиянын 27-июнда Бишкекте өткөн курултайында кабыл алынды. Төрөбаев курултайда учурдагы парламенттик системаны сынга алып, өлкөгө президенттик башкаруу ылайыктуу экенин белгиледи. Ошондой эле шайлоо алдындагы программасы менен учкай тааныштырды.