Тажикстан жарандык согуш токтогонунун 20 жылдыгын белгилөөдө

Абдулло Нури менен Эмомали Рахмон. 1997-жыл

Тажикстан беш жылдык жарандык согушка чекит койгон тынчтык келишиминин 20 жылдыгын белгилөөдө.

Буга байланыштуу ордо калаа Душанбеге жакын Вахдат шаарында расмий майрамдык салтанат өтүп жатат.

1997-жылдын 27-июнунда өлкө президенти Эмомали Рахмон жана Бириккен тажик оппозициясынын лидери Абдулло Нури Москвада тынчтык келишимине кол коюшкан. Анын алдында Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен бир нече сүйлөшүүлөр өткөн. Тынчтык сүйлөшүүлөрү Бишкекте да жүргөн.

Келишимде өкмөттөгү кызматтардын 30% оппозицияга берилери көрсөтүлгөн. Бирок жылдар өтүп президент Рахмон атаандаштарынан арылганы айтылып келет. Тынчтык келишимдерине улай өлкөдө «Ислам кайра жаралуу» партиясы түзүлгөн. Ал 2015-жылы сот тарабынан «террористтик» деп таанылып, жабылды. Бир катар лидерлери камалды.

1992-жылы президент болгон Рахмон түрдүү жолдор менен бийлигин узартып келет. Сынчылары режим атаандаштарын, башкача ойлонгондорду куугунтуктап, сөз эркиндигин басмырлады, мамлекеттик структураларда коррупциянын кеңири тамырлашына жол берди деп айыпташат.