Фучик паркындагы кинотеатр мамлекетке кайтарылды 

Бишкек шаары.

Бишкектеги Юлиус Фучик атындагы эс алуу багында жайгашкан жайкы кинотеатр Ленин райондук администрациясынын карамагына өттү. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 23-июнда Бишкек шаардык соту кинотеатрга байланышкан ишти карап, аны райондук администрациянын пайдасына чечип берди.

2013-жылдын 8-сентябрында Ленин райондук сотунун чечими менен кинотеатр Солтоев аттуу жарандын менчигине берилип калган. Былтыр декабрда иш кайра каралып, ушул эле райондук соттун башка судьясы биринчи чечимди жокко чыгарган. Солтоев апплеяциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Натыйжада соттук коллегия анын арызын канааттандырган жок.

Аталган кинотеатрдын аянты 1 013 квадрат метр. (NT)