"Формула-1" автожарышынын Азербайжанда өткөн этабын Red Bull командасынан Даниэл Рикардо жеңди. Жарыштын жалпы лидери Себастьян Феттел эреже бузгандыгы үчүн жазаланып, марага төртүнчү болуп келди. Баку шаарында ушуну менен абройлуу "Формула-1" жарышы экинчи жолу өткөрүлдү. Бул ирет жарыш учурунда машиналар кагылышкан, анын ичинде бир команданын катышуучулары бири-бирин сүзгөн учурлар өзгөчө көп катталды.