Студенттик практика: паластан парламентке чейин

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өткөн аптада Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясына практикага барган студенттердин палас жууп жаткандагы сүрөттөрү кызуу талкууну жаратты. Университеттен алган теориялык билимди иш жүзүндө колдонууну каалаган студенттер кайдыгер мамилеге кабылып, кара жумушка тартылган башка учурлар көп эле кездешет.