Түштүк Кореянын экс-президентинин курбусу кесилди

Чхве Сун Силь (ортодо)

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хенин курбусу үч жылга эркинен ажыратылды. Сеул соту Чхве Сун Силди мамлекет башчысынан мыйзамсыз негизде артыкчылыктарды алып турган деп тапты. Бул тууралуу Рейтер агенттиги кабарлады.

Тергөө Сил кызын университетке өткөрүү үчүн Пак Кын Хенин таасирин колдонгон деп шектеген. Ал ошондой эле опузалоо, көз боёмочулукка аракет кылуу жана бийликти кыянат пайдалануу беренелери боюнча айыпталган.

Президенттин курбусунун мамлекет иштерине аралашканы тууралуу маалымат өткөн жылы күзүндө тарап, элдик толкундоолорду жараткан. Буга байланыштуу парламент Пак айымга импичмент жарыялап, президенттиктен кетирген. Андан кийин коррупция, ыйгарым укуктарынан аша чабуу, мамлекеттик сырды шардана кылуу беренелери менен айыпталып, камакка алынган. Азырынча ага өкүм чыга элек.